Марал Радиосу

«Мурас» турнири: «Ыйман» командасы өнөр адамдарын утуп алды

Бишкекте өтүп жаткан футзал боюнча «Мурас» турниринин алкагында маданият өкүлдөрүнөн турган «Өнөр» командасы дин өкүлдөрүнөн турган «Ыйман» командасына утулду.

Оюндун биринчи бөлүгүндө «Ыйман» командасы «Өнөрдүн» дарбазасына эки гол киргизди, эсеп 2:0.

4-майда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча «Мурас» достук мелдеши «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Достук турнири «Президенттин администрациясы менен «Жогорку Кеңеш» командаларынын оюну менен башталган. «Президенттик аппарат» Жогорку Кеңештин командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.

Мурас турнири: Биринчи турдун жыйынтыгы