Марал Радиосу

Эрдоган кыргыз элине аманчылык тиледи

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан кабарлашты.

«Ынтымак жана биримдик алып келген бул куттуу Орозо айт майрамы бүткүн дүйнөгө ден соолук, тынчтык жана бейпилдик алып келишин тилеймин», — деп айтылат куттуктоодо.

Режеп Тайип Эрдоган Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми кыргыз элине аманчылык жана бакубатчылык каалаган.