Марал Радиосу

Баткенде кырсыкка кабылган унаадан өрт чыкты

1-майдан 2-майга караган түнкү саат 22:58 чамасында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа жол четиндеги тосмону сүзүп, унаанын алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгүнөн өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө  кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине Кызыл-Кыя шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм барган. Саат 23:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми кырсыкка кабылган айдоочу шаардык аймактык ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби такталууда.