Марал Радиосу

Ак-Ордо-3 конушунун Иманалиев көчөсүнө асфальт төшөлүүдө

Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Элмирбек Иманалиев көчөсүндө кум-шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Сокулук районунуна караштуу Ак-Ордо-3 жаңы конушунун Иманалиев көчөсүн оңдоого ушул жылдын «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин эсебинен 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда «Кыргызжолкурулуш» компаниясы тарабынан оңдоо иштери аткарылууда.

Бүгүнкү күндө Иманалиев көчөсүнө астынкы катмарына туурасы 7 метр, узуну 0,5 чакырым болгон асфальт төшөө иштеринин биринчи катмары бутту. Азыркы убакта жолду түздөө жана кум-шагыл төшөө иштери жүруп жатат.

2021-жылдын 21-ноябрында президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушунун Иманалиев атындагы көчөсүн асфальтоо боюнча тапшырма берген.