Марал Радиосу

Коңшу өлкөлөрдүн президенттери Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттукташты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргыз элин жана президент Садыр Жапаровду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Коңшу өлкөлөрдүн президенттери Садыр Жапаровго бекем ден-соолук жана бакыт, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалашкан.