Марал Радиосу

Алтайдан Кыргызстанга 35 марал алып келинди (видео)

Бүгүн 1-майда «Альянс-Алтын» компаниясынын алдындагы «Бакубат Талас» фондунун каржылоосу менен 35 марал Талас облусуна келди.

Маралдарды Алтай Республикасынан алып келип, Талас районундагы Беш-Таш коругуна кое берилди.

Буга чейин Талас жергесине маралдарды багуу боло тургандыгы боюнча Илимдер академиясы тарабынан атайын корутунду чыгарылган.

Бул иш президенттин «2022-жылды Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жасалууда.

Ошондой эле Талас облусунун Бакай-Ата районунун Үрмарал аймагындагы антропогендик себептерден улам жок болуп кеткен маралдардын популяциясын калыбына келтирүүгө, көбөйтүүгө маани берилет.

Белгилей кетсек, маралдарды алып келуу үчүн «Альянс Алтын» компаниясы 2,5 миллион сом бөлгөн.