Марал Радиосу

Май айынын биринчи аптасына карата аба ырайы

Кыргызгидромет борбору алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалыматты райсмий сайтына жарыялады. Ага ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 3-майда күндүз жана 4-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

1-2-майда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-6-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 7-майда күн ачык болот.

Талас облусу

1-май күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. 2-майда күндүз башталган жаан 4-майга чейин маал-маалы жаап турары күтүлүүдө. 5-майда жана 6-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 7-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Өлкөнүн түштүгүндөгү облустарда 1-2-майда күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, 1-майда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлүүдө. 3-6-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 7-майда жаан-чачын болбойт.

Ысык-Көл облусу

1-майда түнкүсүн тоолуу райондордо кар түшөт. 1-майда күндүз жана 2-майдан 6-майга чейин көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт. 7-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

1-3-май күндөрү жаан-чачынсыз болот. 4-6-майда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-майда күндүз күн ачык болот.

Ал эми 7-8-майда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-майда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.