Марал Радиосу

Айтмурзаевге тоолуу региондорду өнүктүрүү демилгеси боюнча кичи элчи милдети жүктөлдү

Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Айтмурзаев Нурланга Президенттин коомдук башталышта «Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» демилгесин ишке ашыруу боюнча атайын кичи элчи милдеттери жүктөлдү.

Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти.

Тескемеге президент Садыр Жапаров 30-апрелде кол койду.