Марал Радиосу

Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында милициянын өздүк курамы 30-апрелден 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир адамды жоопкерчиликке тартууга милдеттүү.

Ошондой эле Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүшөт.

Exit mobile version