Марал Радиосу

Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри болуп Кулубаев Жээнбек Молдоканович дайындалганын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан бошотулуп, Жээнбек Кулубаев милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жээнбек Кулубаев ага чейин Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Москва аскердик институтун, Кытайдын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык институтту аяктаган. Кыргыз, кытай, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде, Президенттин администрациясында эмгектенип келген. Кыргызстандын Кытайдагы, Монголиядагы, Сингапурдагы, Малайзиядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

Exit mobile version