Марал Радиосу

Орозо айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулат

2-май — Орозо айт майрамы. Бул күнү айт намазы Бишкек шаарындагы эски аянтта окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады.

Намазга чогулуу таңкы 6дан тарта башталат. Алгач аалымдар баян айтып, Азирети Муфтий жана жана башкалар куттуктоо жолдошот. Саат 7:30 намаз окулат.

Эскерте кетсек, 2020-жылы пандемияга байланыштуу айт намаздарды окууга тыюу салынса, 2021-жылы аралыкты так сактоо менен мечиттерге гана окууга уруксат берилген.