Апрель айынын башында 7 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда чарчап калган. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди жараткан. Бала Бишкектеги улуттук госпиталда сүннөткө отургузулган. Ал жерден №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Биринчи тарап сүнөт учурунда кан көп кетип калган дешсе, экинчи тарап наркоз берип жатканда жүрөгү токтоп калганын айтышат. Тилекке каршы, экспертиза аркылуу тактоо мүмкүн болгон эмес. Себеби ата-энеси баш тартып коюшкан. Биз буга байланыштуу «Баланы сүннөткө канча жашында отургузган туура болот?» деген темада атайын адистерге суроо салдык.
Ушул айдын башында сүннөткө отургузуу учурунда 7 жашар бала катуу коркуудан жүрөгү токтоп калганын №3 балдар ооруканасынын атайын комиссиясы иликтеп чыккан.
Алардын айтымында, сүннөткө отургузуу атайын адистештирилген ооруканада жасалган эмес, операцияга педиатр, балдар анестезиологу катышпаган. Ошол эле учурда алдын ала медициналык даярдык көрүлбөгөн, бала психологиялык жактан даярдалбаган.
Комиссия «баланын коркуу гормону, адреналин, ооруну басаңдатуучу нерсени ашыкча колдонуу жана наркоздун бөлүнүп чыгышы анын чарчап калуусуна себеп болгон» деген жыйынтыкка келишкен.
Бул балдардын сүннөткө отургузуудан кийин чарчап калган же жаракат алган биринчи эле учуру эмес. 2019-жылы Ысык-Көл облусунда үч жашар бала наркоздон ойгонбой калган. Ошол эле жылы ушул аймакта мечитте сүннөткө отургузулган тогуз жаштагы баланын каны токтобой, гематома менен ооруканага түшкөн.
Бишкек шаарынын тургуну Жаркын 5 жашар баласын жакында эле сүннөткө отургузган. Ал баласы менен бул темада жарым жылдай сүйлөшүп, түшүндүрүп, психологиялык жана моралдык жактан даярдаган. Операция жакшы өткөн, бирок андан кийин баласынын жыныстык органы ооруй баштаган. Дароо №3 балдар ооруканасына алып барганда дарыгер эч кандай даярдык көрбөй, наркоз сайбай, дароо эле кескилеп кирген.
«№3 балдар ооруканасына барсак, дарыгер баламдын жыныстык органындагы териси жакшы бүтпөй, спайка болуп калганын айтып, «Азыр дароо эле кесип, алып коюу керек», — деди. Биз макул болдук. Биринчи жолкусундай эле операция бөлмөсү жакка алып кирип, таза жерде, наркоз менен кылып беришет деп ойлогонбуз. Өзү отурган эле иш бөлмөгө баламды жаткызып, кайчыны алып чыгып, кескилей баштады. Эч нерсе түшүндүргөн да жок. Балам чаңырып ыйлап, бир заматта тердеп, кызарып чыкты. Мен дароо операцияны токтоттуруп, уулумду алып чыгып кеттим. Себеби балам психологиялык жактан аябай катуу травма алып каларын сездим».
Жогорудагыдай жагдай жаралбашы үчүн Европа, Арап мамлекеттеринде, АКШда баланы төрөлгөндө эле сүннөткө отургузуу тажрыйбасы кеңири колдонулуп келет. Көпчүлүктүн айтымында, мындай ыкма баланын психологиялык абалына жана ден соолугуна терс таасирин тийгизбейт.
Бегимай аттуу жаран улуу баласын 5 жашында сүннөткө отургузуп, бир топ кыйынчылыккка туш болушкан. Кийин экинчи уулун төрөгөндө жогоруда айтылган ыкманы колдонуп, 5 айында эле отургуздуруп койгон. Натыйжада экинчи уулунда анчалык көйгөй жаралган эмес.
«Кичүү баламды 5 айында сүннөткө отургуздук. Операция 10 мүнөттүн ичинде эле жасалган. Албетте ыйлаган, бирок бат эле басылып калган. Аябай жеңил болгон. Улуу баламды 5 жашында отургузган элек. Бул курактагы бала баарын түшүнүп, билип калгандыктан, көпкө чейин коркуп жүргөн».
Хирург Бакыт Токтогазиевдин айтымында, баланы сөзсүз эле уролог эмес, хирург деле отургузуп коё алат. Бирок протоколдо балдар урологуна гана уруксат берилген. Токтогазиев өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп, баланы төрөлгөндөн кийин эле отургузуп койсо болорун айтып, бирок анын терс кесепеттери да бар экенин эскертти.
«Төрөлгөндөн кийин отургузуп койсо болот. Бирок баланын жыныстык органына кам көрүү оор болуп калат. Себеби ымыркайга памперс кийгизилет да. Памперс кийген баланын жыныстык органы былжырап, кургак болбойт. Энеси да жакшы кам көрө албай, кыйнала беришет. Ошондуктан биз ата-энелерге бала памперс кийбей калганда сүннөткө отургузууну сунуштайбыз. Ошондо болжолдуу 3 же 3,5 жашында отургузуу ыңгайлуу болот».
Баланы ымыркайында сүннөткө отургузуу салтка каршы келет. Мындай пикирин медицина маселелери боюнча көз карандысыз эксперт Бермет Барктабасова билдирди.
Ал баланы 3, 5, 7 жашында сүннөткө отургузуу кыргыздын каны-жанына сиңип калганын, андыктан ал ыкма өлкөдө кеңири жайылбасын белгилейт.
«Төрөлгөндөн кийин дароо сүннөткө отургузса, ымыркай эч нерсе сезбей калат» деген туура эмес. Кадимки чоң баладай эле бардык ооруну сезет, бирок психологиялык жактан анчалык чоң стресске кабылбайт. Баланы 3, 5, 7 жашында отургузуу салтка айланып калгандыктан, төрөлгөндөн кийин эле отургуза салуу практикасы биздин өлкөдө чоң суроо-талапка ээ болбойт деген ойдомун. Сүннөткө отургузуу элге ушунчалык жакын болуп калгандыктан, бул операция тынчсызданууну жаратпайт. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, кырсыктар болуп жатат. Ошондуктан ата-энелерге мындай операциялар күн сайын жасала турган ооруканаларга же тажрыйбалуу дарыгерлерге кайрылууну сунуштап кетет элем».
Баланы сүнөткө отургузуу курагы шариятта кандай каралганына кызыгып көрдүк. Ислам университетинин ага окутуучусу Марс Ибраев баланы сүннөткө эртерээк отургузууну колдойт. Бирок медициналык жактан терең анализ жасалышы, ооруканалардын даярдыгы, дарыгерлердин тажрыйбасы жетиштүү болушу керектигин айтат.
«Бүгүнкү күндө баланы сүннөткө эртерээк отургузуп коюу болот. Бирок бул медицинага, тагыраагы, ооруканалардын даярдыгына байланыштуу болот. Ымыркай кезинде отургузуунун кооптуулугу бир гана медициналык жактан болбосо эле, Араб өлкөлөрүндө жана башка мамлекеттерде бул өтө кеңири жайылган практика болуп саналат».
Дарыгерлердин айтымында, баланы сүннөткө сөзсүз отургузуу зарыл. Медициналык жактан алып караганда, андай бала гигиеналык жактан таза болот. Кийин ар кандай жыныстык ооруларга кабылып калуу коркунучу азаят. А бирок «баланы мынча жашында отургузуу керек» деген так мөөнөт жок. Дарыгерлер бир жаштан ашкандан кийин кестирүүнү сунуштап, туулганда эле отургузуунун кооптуу жагы бар экенин эскертишет. Себеби балада кандын уюшу (свёртывание крови) акырындап калыптанат. Кан уюу системасы өөрчүй электе операция жасоо өтө коркунучтуу болот.