Марал Радиосу

Сердар Бердымухамедов Кадыр түндүн урматына 500дөй адамга мунапыс берди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кечээ, 27-апрелде жазасын өтөп жаткан 514 адамга мунапыс берди. Бул ырайым Кадыр түндүн урматына жасалганын «Орток Түркмөнстан» басылмасы жазды.

Мамлекет башчысы тиешелүү жарлыкка өткөн жумада өкмөттүн онлайн жыйыны учурунда кол койгон. Бул президенттин кызматка киришкенден берки биринчи жарлыгы экени айтылды.

«Салт боюнча куттуу Кадыр түндүн алдында кылган иштерине чын жүрөктөн өкүнүп, жаңы жашоо баштагысы келген соттолуучуларга мунапыс беребиз. Ата-бабаларыбыздын гумандуулук принцибин эске алуу менен жаңылгандарга ырайым кылып, аларды мындан аркы жазадан бошотуп жатабыз», — деген  Сердар Бердымухамедов.

Түркмөнстанда мунапыс берүү 1999-жылдан тарта киргизилген. Учурда мамлекеттик майрамдардын же ар кандай маанилүү күндөрдүн урматына жазасын өтөп жаткандарга жылына үч-төрт ирет ырайым берилет.