Марал Радиосу

Аймактарды өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору тааныштырылды

2023-2027-жылдарга өлкөнүн аймактарын өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору тааныштырылды. Ал Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган.

Концепция  өлкө аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган.

Артыкчылыктуу багыттары:

— аймактарды пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасы;

— региондордун экономикасы;

— өнүгүүнүн таяныч пункттарын комплекстүү өнүктүрүү (урбанизация);

— региондорду директивалык колдоо.

Бетачардын жыйынтыгында айтылган сунуштарды эске алуу менен Экономика жана соода министрлиги тарабынан концепция толук иштеп чыгарылат.

Exit mobile version