Марал Радиосу

Күйүүчү майдын баасы арзандаганы айтылды

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөгөнү байкалды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен кабарлашты.

Бул агенттик менен нефтетрейдерлер жүргүзгөн текшерүү учурунда байкалган.

18-апрелге салыштырмалуу күйүүчү майдын литринин баасы 1,6 сомго чейин арзандаган.

Red Petroleum тармагында дизель майы 1,6 сомго, АИ-95 1 сомго арзандады.

Bishkek Petroleumда АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 0,6 сомго арзандаган.