Марал Радиосу

Мектептерде май айында өтүлбөй кала турган сабактар толукталууга тийиш

1-майдан 9-майга чейин жалпы республикалык эс алуу жарыяланганына байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайлардын иштөө графигине да өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык, Министрлер кабинетинин токтому жалпы мамлекеттик билим берүү мекемелерине да тиешелүү болот. Андыктан 4-майдагы сабактар 30-апрелге, 6-майдагы сабактар 14-майга жылдырылат.

Бул сунуш беш күндүк график менен иштеген жеке менчик мектептерге да сунушталат.