Марал Радиосу

«Депутаттар бийлик өкүлдөрүнөн чочулап калды»

Жогорку Кеңештин депутаттары бийликтен жана күч органдарынан түздөн-түз чочулап турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, депутаттарга чектөөлөр көбөйүп ашып-ташып жатат. Мындан ары чектөөлөрдү токтотуп, депутаттын статусу жөнүндө жана регламент жөнүндө мыйзам кабыл алып бекитүү зарылчылыгына токтолду.

«Депутаттар бийликтен көз каранды эмес десем, эл да ишенбейт, мени менен иштеген депутаттар өздөрү да ишенбейт жана «калп айтып жатат» дешет», — деди ал.