Марал Радиосу

Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоп берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына сунушталган Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралды.

Анда депутаттар талапкерге бир катар суроолорду берип, жоопторду алган соң, анын тышкы иштер министри болуп дайындалышын бир добуштан колдоп беришти.

Президент Садыр Жапаров 22-апрелде 2020-жылдын 14-октябрынан бери тышкы иштер министри болуп иштеп жаткан Руслан Казакбаевди кызматтан алып, бошогон орунга Жээнбек Кулубаевди милдетин аткаруучу кылып дайындаган.

Жээнбек Кулубаев ага чейин Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Москва аскердик институтун, Кытайдын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык институтту аяктаган. Адистиги: чыгыш таануучу. Кыргыз, кытай, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде, Президенттин администрациясында эмгектенип келген. Кыргызстандын Кытайдагы, Монголиядагы, Сингапурдагы, Малайзиядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

Exit mobile version