Марал Радиосу

Балыкчыдагы аскер кызматкерлеринин айлыгын «жеп алгандарга» иш козголду

Балыкчы шаарында эмгектенген аскер кызматкерлеринин айлыгын «жеп алгандарга» иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер прокуратурасы Балыкчы шаарындагы №20636 аскер бөлүгүнө текшерүү жүргүзгөн. Анда документтерди жасоо жолу менен кызматкерлердин айлыгы үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акчаны өөнөп алган фактыны таап чыгышкан. Бул ишке айыпталып жаткандар айлыктан баш-аягы 900 миң сомдон ашык акча кармап калышкан.

Факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу), 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.

Exit mobile version