Марал Радиосу

Ысык-Көлдө ак илбирсти аткандар кармалды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Ак-Суу районундагы үйлөрдүн биринен кызыл китепке кирген ак илбирстин териси жана башы табылганын билдирди.

Ак-Суу райондук милициясы келип түшкөн маалыматтын негизинде Теплоключенка айылынын 37 жаштагы тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзгөн. Анда ак илбирстин териси менен башынан тышкары мыйзамсыз сакталган мылтык да табылган.

Сурак учурунда үй ээси бул жандыкты таанышы атып, убактылуу сактай тур деп таштап кеткенин айткан. Анын көрсөтмөсү менен кылмышка шектүү катары Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы тургуну Б.Э. кармалган.

Шектүү күнөөсүн мойнуна алып, илбирсти Ак-Суу районундагы Сырт кыштоосунан атканын айткан.

Exit mobile version