Марал Радиосу

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калды. Чечим бүгүн, 26-апрелден тарта күчүнө кирет.

Улуттук банк мындай чечим тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен кабыл алынганын билдирди.

Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргызстанда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган.

Улуттук банк акыркы жолу эсептик ченди 10-мартта өзгөртүп, 10%дан 14%га көтөргөн.

Exit mobile version