Марал Радиосу

ЖК талкуу: ККМ салыкты Өкмөттүн түз көзөмөлдөөсү монополияга алып барабы?

Бүгүн парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүүгө багытталган токтом долбоору талкууланды. Анда ККМ жеткирүүчү компаниялар менен Салык кызматынын ортосундагы маселелер каралды. Айрым депутаттар бул монополияга алып келе турган токтом болорун айтышты. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин демилгеси менен көзөмөл-кассалык машиналарды ишке киргизген токтомдун долбоору тармактык комитеттин бүгүнкү жыйынында талкууланды. Бекешевдин айтымында, бул токтом монополияга шарт түзөт.

«Ушул жылдын 8-апрелинде Министрлер кабинети көзөмөл-кассалык машиналарды ишке киргизе турган токтомдун долбоорун бекитти. Бул токтом монополизацияга алып келүүчү жол болуп жатат».

Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, акча жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган майда ишкерлер салыктан бошоону кааласа, ККМ колдонушу керек. Анткени ККМ бизнестен түшкөн кирешени аныктап берет.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов ККМ чектердеги маалыматтар өзгөртүүсүз Салык кызматынын серверине түшүшү керектигин белгилейт. Ал эми каршы чыгууларды буга чейин маалыматтарга көзөмөл-кассалык аппараттарды техникалык жактан тейлеген мекемелер ээ болуп келсе, учурда алар андай мүмкүнчүлүктөн ажырап жатканы менен байланыштырат.

«Бул жерде көзөмөл-кассалык машиналарды жеткирүүчү компаниялар менен ишкерлердин сүйлөшүп алуулары жаман болуп жатат. Эгерде бизнес өзүнчө кетсе, андагы маалыматтар түз Салык кызматынын базасына түшөт. Ошондо гана биз так маалымат бере алабыз. Бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Учурда ККМ чекти тейлөөчү компанияларга өткөрүп жатат. Алар маалыматын фискалдык операторлорго, «Түндүк» мамлекеттик ишканасына өткөрүп, андан кийин гана Салык кызматына келип жатат. Буга чейин техникалык тейлөө мекемелеринин ККМ-чек боюнча маалыматты өзгөртүүгө да мүмкүнчүлүгү болгон. Азыр алар эмнеге каршы чыгып жатышат? Анткени маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелип калат».

Эске салсак, көзөмөл-кассалык машиналарды жеткирүүчү «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына «алдын ала сүйлөшүп алган» деген шек менен кылмыш иши козголгон эле.

Депутат Камила Талиева ККМ-аппараттарды сатып алууда да кызыкдар тараптар болуп жатканын, колдонуудан чыккан ККМ-системалар сатып алынбашы керектигин айтты.

«Жеке өзүнүн чөнтөгүн ойлогон кызыкдар тараптар монополия кылып, лоббирлөө болуп жатабы?» деген кооптонуу бар. Биз кайсы бир мамлекеттин колдонууудан чыгарып салган системаларын иштетип жатабыз. Азыр күндөн-күнгө системалар жаңыланып, өзгөрүп жатпайбы. Биз эмне үчүн алардын эски системасын колдонушубуз керек? Бир эле тарап сатып, бир эле тараптан алып, бир эле тараптын айткандарын укпашыбыз керек. Бир канча вариантты карап, эң оптималдуусун тандап алышыбыз керек». 

Ал эми депутат Алишер Козуев ишкерлердин ККМ аркылуу төлөгөн салыгы 100% салык кызматынын көзөмөлүндө болуп, ал ишке башка жеке компаниялар аралашпашы керек деген ойдо.

«Ишкердин саткан товарынан өндүргөн салыкты ортодогу фирмаларга көз каранды болуп, алып жатасыңар. Ушул нерсени таптакыр жоюп салсак да жакшы болот. Бул боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип, тейлөө кызматын толугу менен өзүңөргө алсаңар, биринчи кезекте бюджетке акча түшмөк, экинчиси, өзүңөрдүн жеке көзөмөлүңөрдө болмок. Ошондо эч кимге көз каранды болмок эмессиңер. Ишкердин салыгын толук кандуу көзөмөлдөп, салыкты бюджетке түшүрүп алмаксыңар».   

Салык кызматынын маалыматы боюнча, быйыл үч айда 18 миңден ашык ишкер көзөмөл-кассалык машинаны колдонууга өттү. Өлкө боюнча 45 миң 35 көзөмөл-кассалык машина колдонулат, анын 22 миң 173ү – аппараттык ККМ жана 22 миң 862си – программалык ККМ.

Exit mobile version