Марал Радиосу

28-апрелде Бишкектин айланасындагы айылдарда суу өчүрүлөт

28-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Чүй облусунун Бишкек шаарына жакын аймактарында таза суу болбойт. Бул тууралуу «Бишкек суу-канал» ишканасы билдирди.

Айтылган күнү «Баш-Кара-Суу» суу алгычы мезгилдик оңдоодон өтөт. Буга байланыштуу сууну ушул каналдан алган Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Кашкабаш, Достук айылдарында, 105-контурдун батыш тарабында, ТЭЦ-2, Жаңы Селекция, Ак-Ордо конуштарында, Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабында, Ак-Ордо конушунун Ахунбаев көчөсү жак бөлүгүндө жана Өмүр көчөсүнүн түштүгүндө суу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын ичүүчү суу камдап алууларын суранат.