Марал Радиосу

СOVID-19: Жети адамдын оору жугузуп алганы аныкталды

Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткага карата Бишкектен жети адамдын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталганын маалымдады.

Ал эми COVID-19 илдетине чалдыккан 3 бейтап ооруканада, 18 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 200 миң 990 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 196 миң 386 бейтап айыгып чыгып, 2 миң 991 адам каза тапкан.