Марал Радиосу

Талас: Манас РЭТтин башчысы светтин акчасын уурдоого шектелип кармалды

«Түндүкэлектр» ишканасынын Талас облустук филиалына караган Манас РЭТтин кызмат адамдары электрден акча уурдап, өз кызыкчылыктарына пайдаланып келгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, РЭТтин кызматкерлери Манас районундагы айыл өкмөттөрдүн жооптуу кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүп, айрым абоненттер колдонгон электр энергиясынан түшкөн акчаны XENON жана IBS базаларына киргизбей, өздөрүнө жумшап, төлөмдөрүн бюджеттин эсебинен бурмалап, жаап келишкен.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча мындан өлкө казынасы 2 млн 800 миң сомдон ашык зыянга учураган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары «Түндүкэлектр» ишканасынын Манас РЭТинин башчысы Б.А.А., электр энергиясын сатуу боюнча башчынын мурунку орун басары О.А.О., электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн мурунку инженери У.Н.Н., Покровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Exit mobile version