Марал Радиосу

Коронавирустун жаңы учуру катталган жок

24-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

14 адам коронавирустан дарыланып жатат. 11 адам амбулатордук (үй шартында), үчөө ооруканада дарыланууда. Ал үчөөнүн абалы оор.

Бир сутка ичинде республика боюнча 10 адам, анын ичинде Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 3 адам айыгып чыкты.

Өлкөдө COVID-19 илдети башталгандан бери расмий маалыматтар боюнча 200 миң 983 учуру катталып, 196 миң 386 адам айыкса, 2 миң 991 адам каза болгон.

 

 

Exit mobile version