Кыргызстан Орусияда тартылган Донбасс тууралуу даректүү тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.
Анын айтымында, орусиялык «Гармония» маданий борбору Кыргызстанда «Время правды» аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 18-апрелде «Донбасс. Окраина», «Солнцепек», «Ополченочка» көркөм тасмаларын көрсөтүүгө уруксат алуу максатында «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборборуна кайрылган.
Министр жазгандай, аталган тасмалар 2019-жылы тартылган.
«Соңку мезгилдеги эл аралык мамилелерде Кыргызстан бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, «Кыргызтасмасы» мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат» , — деп билдирди министр.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев парламенттин 21-апрелдеги жыйынында Донбасс тууралуу тасманын Кыргызстанда көрсөтүлбөй жатканын сындаган.
«Чындыктын мезгили» кинофестивалын 15-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек, Кара-Балта жана Каракол шаарларында өткөрүү пландалган. Анда Украинадагы окуяларды чагылдырган орусиялык тасмалар көрсөтүлөрү айтылган.
13-апрелде Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунун жетекчилиги бул тасмаларды көрсөтүүдөн баш тарткан. Ал эми Кара-Балта менен Караколдогу көрсөтүүлөрдүн убактысы жылдырылган эле.