Марал Радиосу

Кыргызстан инвестициялык талаштарды чечкен эл аралык институтка кошулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жолугушту.

Анда Акылбек Жапаров «ICSID (Инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбор) конвенциясын ратификациялоо жөнүндө» документти Дүйнөлүк банктын сактоосуна тапшырды. Муну менен Кыргызстан инвестициялык талаштарды чечүү жаатында иш алып барган дүйнөлүк алдыңкы институт менен макулдашуучу мамлекет боло алды.

Айта кетсек, ратификациялаган конвенция 21-апрелден тарта күчүнө кирди.

ICSID конвенциясы чет өлкөлүк инвестициялар боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн институционалдык жана укуктук базаны белгилейт. Ал арбитраж, жарашуу, ортомчулук жана фактыларды орнотуу үчүн көз карандысыз, саясаттан ажыратылган форумду камсыз кылуу аркылуу өлкөлөр ортосундагы инвестицияны илгерилетүү үчүн түзүлгөн.

Кыргыз Республикасы мүчөлүк алган мамлекет катары административдик кеңештеги өкүлчүлүк аркылуу ICSIDди башкарууга катышат. ICSIDге мүчө ар бир мамлекет Жетектөөчү Кеңеште бир өкүлгө жана бир добушка ээ. Тагыраагы, мүчө өлкөлөр башкы катчыны, орун басарларын, арбитрлерди, ортомчуларды шайлоого добуш бере алат.

ICSID конвенциясында учурда 156 мамлекет бар. Кыргызстан 157-өлкө болуп кошулду.

Exit mobile version