Марал Радиосу

Эдил Байсалов тоолор жылынын программасын карап чыкты

Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча улуттук уюштуруу комитетинин биринчи кеңешмеси өттү.

Кеңешме президент Садыр Жапаров кол койгон «2022-жылды Тоолордун экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Отурумда жылды өткөрүүнүн жол картасы, мерчемделген эл аралык иш-чаралар, Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын жана II Глобалдык тоолор саммитин Бишкекте өткөрүү боюнча БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясын даярдоо, ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясынын алкагында өткөрүлүүчү Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылынын максат-милдеттери боюнча баяндамалар угулду.

Кеңешменин жыйынтыгында Эдил Байсалов тийиштүү тараптарга бир катар тапшырмаларды берди.

Exit mobile version