Марал Радиосу

Президент CREATE-4 фестивалынын ачылышына катышты

Бүгүн, 23-апрелде Бишкекте чыгармачыл тармактардын CREATE-4 I фестивалы башталды. Ага жаратман адамдарды колдоо максатында өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышып, расмий ачылышында куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Президент бул фестивалга Кыргызстандын ар бир бурчунан прогрессивдүү, жаңыча ойлонгон, таланттуу, креативдүү, идеяларга толгон инсандар келгенине ишенимин билдирди.

«Креативдүү экономика — салыштырмалуу жаңы багыт. Акыркы жылдары адамдын интеллектуалдык потенциалына негизделген жана калктын кирешесинин өсүүсүнө жана иш менен камсыз болуусуна, экспортту жогорулатууга жана инновациялык ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү, экономиканын перспективдүү секторлорунун бири катары креативдүү экономика дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да өзгөчө орун алып, активдүү өнүгүүдө», — деди ал.

Жапаров ошондой эле Кыргызстан жаш, таланттуу калкка бай, маданий салттарга жана элдик прикладдык искусствого, зор туристтик потенциалга ээ экенин, жашыл, санариптик жана креативдүү экономикага басым жасоого убакыт келип жеткенин баса белгиледи.

«Мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо жарандардын креативдүү потенциалын ачууга жана дүйнө жүзүндө талап кылынган инновациялык продуктулардын генерациясына түрткү берет деп эсептейм. Ушул багытта мамлекеттик актуалдуу дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында креативдүү экономикага өзгөчө орун берген», — деди Садыр Жапаров.

Exit mobile version