Марал Радиосу

Кылмыштуу топтун мүчөсү 11,5 миң жасалма доллар сатып жатканда кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунун тургуну жасалма АКШ долларын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, УКМКга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет мамлекеттен жасалып келген АКШ долларын Бишкекте сатып жүрүшкөнү боюнча маалымат түшкөн. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси менен катталып, кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы жүргүзүлгөн.

Ыкчам иликтөөнүн аркасында 1983-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Ж.М.Ж. аттуу адам Бишкек шаарынан 11,5 миң жасалма АКШ долларын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын шериктерин табуу иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version