Марал Радиосу

Бишкекте чыгармачыл жаратмандардын фестивалы өтүп жатат

Бишкек шаарындагы «Билимкана» мектебинде CREATE-4 аталышындагы креативдүү өндүрүштүн жаратмандарынын биринчи фестивалы өтүп жатат.

Иш-чаранын негизги максаты жаратман адамдарга чыгармачылык аркылуу акча табуунун жолдорун көрсөтүү, чыгармачыл өндүрүштөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат.

Иш-чарада чыгармачылыгын заманбап шарттар менен айкалыштырып, көптөгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Орусиядан келген атайын адистер чеберчилик сабактарды көрсөтөт.

Фестивалдын ачылышына Президент Садыр Жапаров да катышып, сөз сүйлөөрү буга чейин кабарланган. Учурда иш-чаранын уюштуруучулары өлкө башчыны күтүп жатышканын маалымдашты.

Exit mobile version