Марал Радиосу

Билим берүү министрлигинин бөлүм башчысы Марат Үсөналиев кызматтан алынды

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки жана мектептердеги билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсөналиев кызматтан алынды.

Маалыматтарга караганда, Үсөналиевдин ишмердигин текшерүү үчүн комиссия түзүлгөн жана ал кызматтык милдеттерин аткарбаганы боюнча корутунду чыгарылган.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилери айтылды.

Марат Үсөналиев бул кызматты 2012-жылдын май айынан бери аркалап келген.