Марал Радиосу

Өзбекстандыктар Орусияда 15 күн каттоосуз жүрө алат

Өзбекстан жарандарынын Орусияда каттоосуз жүрүү убактысы 7 күндөн 15 күнгө чейин узарат. Орусиялыктар да Өзбекстанда дал ушундай режим менен жүрө алышат.

Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, Мамдума «Өзбекстан менен Орусиянын жарандарынын эки өлкө ортосунда визасыз жүрүү тартибин жеңилдетүү жөнүндө» келишимди ратификациялаган.

Мыйзам ратификациялангандан кийин Федерация Кеңешине, андан соң президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эки өлкө ортосундагы келишимге 2021-жылы 21-майда Москвада, 2021-жылы 17-июнда Ташкентте кол коюлган.

Ушундай эле режим Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан жарандарына да тиешелүү.

Exit mobile version