Марал Радиосу

Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду кимдер алса болот?

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгында жыл башынан бери жумушсуздук боюнча кайрылган жарандардын саны 15 миңге чукул. Ал эми 1-апрелге карата 6300 жаран каттоодо турат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Талантбек Жекшенов билдирди.

Жекшеновдун айтымында, башкармалыктын жарандарды жумуш менен камсыздоо кызматтары акысыз жүргүзүлөт. Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлиги жумушсуздукту жоюунун алкагында стихиялык биржаны (кул базары) жокко чыгарууга аракет жасап келет. Бирок көпчүлүк учурда натыйжасын бербейт.

«Себеби, ал жактагы жарандардын бир күндүк тапкан акчасы 1000-2000 сом, биз сунуштаган жумуш орундарынын айлык маянасы 10 000 сомго чейин барат. Тагыраагы, бул маяна аларды канааттандырбагандыктан, көпчүлүгү макул болушпайт», — дейт Жекшенов.

Кыргызстанда жумушсуз катары расмий каттоодо турган жарандарга жөлөк пул берилет.  Эгер жаран 3 жылдын ичинде 12 ай үзгүлтүксүз социалдык төлөмдөрү болсо, ал жаран жумушсуздук боюнча жөлөк пул алууга укуктуу. Жөлөк пулдун суммасы анын социалдык төлөмдөрүнөн көз каранды. Бир айлык минималдуу жөлөк пул 300 сом. Ал эми 7 жылдан өйдө социалдык төлөм төлөгөн, стажы бар жарандарга максималдуу 600 сом төлөнөт.

Маектешкен: Азамат Дүйшеев

Exit mobile version