Марал Радиосу

УКМК Z белгиси бар аскердик кийимдерди жайылтпоого чакырат

9-май — Жеңиш күнүнө карата кийимдерди ижарага берүү мекемелери жарнамалап жаткан Z символикасы бар аскердик формалар социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратканына байланыштуу УКМК кайрылуу жасады.

Атайын кызмат соода жайларды улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу Z символикасы бар аскердик кийимдерди ижарага бербөөгө, шаар тургундарын «Өлбөс полк» жүрүшүндө бул кийимдерди кийип чыкпоого чакырат.

Ошондой эле улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттерге мыйзамга ылайык жоопкерчилик каралганын эскертти.

Exit mobile version