Марал Радиосу

Ажылык сапардын болжолдуу баасы айтылды

Быйылкы ажылык сапар үчүн жан башына болжол менен 4500 доллардан берилет. Бул тууралуу ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла Кадырбердиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул сумма өзгөрүшү мүмкүн, себеби былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 1000 долларга кымбат болууда.

«Эки жылдан бери ажылык сапар болгон жок. Быйыл баалар кымбат болот, анткени баары кымбаттап, бензин 60-70 сомго чейин көтөрүлдү», — деди Кадырбердиев.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапары үчүн Кыргызстанга 2766 квота бөлдү. Ажыга баруу үчүн электрондук тизмеге катталып, кезек күтүп турган талапкерлер 25-апрелден тарта төлөмдөрдү жүргүзө баштайт.

Ажылык сапардын төлөмдөрү беш күн ичинде берилиши шарт.

Сауд Аравиянын Ажылык жана умра министрлигинин чет элдик ажыларга койгон талаптары:

  •  Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин болуусу;
  • COVID-19 илдетине каршы эмделген болуусу;
  • Сауд Аравиясынын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын тастыктаган күбөлүктүн бар болуусу.

Ал эми авиакомпания Кыргызстан менен Сауд Арабиянын компанияларынын ичинен тандалат. Демейде сынак өткөрүлүшү керек, бирок быйыл убакыт аз болгондуктан, эки өлкөнүн компанияларынын арасынан тандалып, алынат.

Буга чейин «Flaynas» авиакомпаниясы ажыларды ташууда кызмат көрсөтүп келген.

Exit mobile version