Марал Радиосу

Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду

Бишкектеги эки акча алмаштыруучу жайдын лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларынын талаптарынын бузулушуна байланыштуу кабыл алынган.

Маалым болгондой, 20-24-апрелде, «Байкут и Ко» ЖЧКсынын лицензиясы, 20-апрелден 4-майга чейин «Ариет Финанс» ЖЧКсынын лицензиясы токтотулган.

Буга чейин Улуттук банк төрт акча алмаштыруучу жайга 220 миң сомдон айып салган.