Марал Радиосу

Кыргыз-казак чек арасы: Эки тарап жүктөрдү эркин өткөрүүнү макулдашты

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Казакстандын вице-премьер-министри Бахыт Султанов видеобайланыш аркылуу сүйлөштү.

Баарлашууда кыргыз-казак чек арасында узун кезекте турган оор жүк ташуучу унаалар талкууланды.

Жыйынтыгында эки тарап чек ара аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча чараларды кабыл алууну макулдашты.

Exit mobile version