Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалар суткалап кезек күтүп жатышат. Кыргыз тарап өзү жасалма кезек уюштуруп, «3 миң сом берсең, өткөрүп коёбуз» деген жигиттер жүргөнүн Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.
Анын айтымында, мындай маалыматты ошол чек арадан кыйналып өткөндөр билдирген.
«Бул маселени Чек ара кызматы, Бажы кызматы артында ким бар экенин текшерип койсун. Эгер чындап эле уюштургандар болсо, анда аны каракчылык беренеси менен жазалап коюу керек. Чек араны казактар ачып койсо, кылганыбыз ушул болуп жатат», — деди ал.
Эске салсак, акыркы 10 күндөн бери «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар узун кезекте туруп калышууда.