Марал Радиосу

Жапаров Гейдар Алиев жана анын жубайынын эстелигине гүлчамбар койду

Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Азербайжанга жасаган расмий сапарынын алкагында Баку шаарындагы «Ардак аллеяга» барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесин эскерип, мүрзөсүнө гүлчамбар койду.

Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Андан соң, Кыргызстандын делегациясы Ардактуу кароол тизилген «Шейиттер аллеясына» барышты.

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскергенден кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.