Марал Радиосу

Жапаров Азербайжанга кетти (делегациянын курамы)

Бүгүн, 19-апрелде президент Садыр Жапаров Азербайжандын Баку шаарына расмий сапар менен учуп кетти. Анын алкагында Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Милли Межлистин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Жергиликтүү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле саясий, экономикалык, маданий жана башка тармактарда эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат, ошондой эле бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Кыргызстандан барган делегациянын курамы:

– президенттин жубайы Айгүл Жапарова;

– тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

– президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

– Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев;

– айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков;

– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;

– транспорт жана коммуникация министри Эркинбек Осоев;

– экономика министри Данияр Амангелдиев.

Exit mobile version