Марал Радиосу

Баткенде ооруканадан качып чыккан адам сууга агып каза тапты

Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан качып чыккан адам сууга агып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя бүгүн, 19-апрелде болгон. 44 жаштагы З.Р. мас абалында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталындагы ооруканадан чыгып, Батырканов каналына боюн таштап жиберген.

ӨКМдин облустук бөлүмүнүн үчүнчү издөө-куткаруу отрядынан 12 кызматкер жерине барып, жарандын сөөгүн каналдан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Exit mobile version