Марал Радиосу

«Долларды тышка чыгарбоо токтому кризистик абалдан куткарып кетпейт»

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, долларды Кыргызстандан тышка алып чыгууга чектөө киргизүү боюнча токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, чет өлкөлүк жарандарга 5 миң доллардан ашык алып чыгууга, ал эми Кыргызстандын жарандарына 10 миң доллардан ашык чыгарып кетүүгө тыюу салынат.

Экономист Элдар Абакиров «Маралдын» эфиринде аталган токтом долбоору Кыргызстанды азыркы кризистик абалдан чыгарып кетпейт деген оюн билдирди. Муну тез арада өйдө же ылдый кетүүдөн сактай турган ыкма катары көрөт.

Ал март айында Орусиядагы мигранттардын акча которуулары 30%га азайганын эске салып, биз кризисти эми сезе баштаганыбызды белгиледи.

«Биз кризисти эми сезе баштадык. Валюта сырттан азыраак келе баштады. Азыркы иштелип чыккан токтом долбоору айла жоктун иши болуп жатат», — деди ал.

Exit mobile version