Марал Радиосу

«СеннаМед» борборунун шарты санитардык талаптарга жооп бербеси аныкталды (фото, видео)

Саламаттыкты сактоо министрлиги уюштурган бүгүнкү рейддин жүрүшүндө Бишкектеги белгилүү медборборлордун бири «СеннаМеддин» Новопавловка айыл өкмөтүндөгү филиалы лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Орозгүл Аташова билдирди.

Рейдди жетектеген Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын башчысы Арсен Аскеровдун айтымында, аталган медициналык борбор педиатрия боюнча кеңеш берип, «хижама» процедурасын да аткарып келет. Бирок текшерүү учурунда санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды.

«Өзүңүздөр көргөндөй, бул филиалында лицензиясы жок экен. Хижама жасалган жерде эң жогорку санитардык талаптар болушу керек. Анткени кан аркылуу көп жугуштуу оорулар жугат. Сиздер күбө болгондой, лезвиялар толук тазаланган эмес. Ийнелерди колдонууда да катачылыктары бар. Ар бир бөлмөдө кол жууй турган жайы да жок. Медициналык кутучалар коюлган эмес. Педиатрия боюнча да консультация берилет экен. Ал эми педиатр дарыгердин квалификациясы жок. Окуй турган кредит сааттары да көрсөтүлгөн эмес. Тилекке каршы, бул медициналык кызматкердин компетенттүүлүгүн биз аныктай алган жокпуз», — деп билдирди.

Мындан сырткары оорулууларды кабыл алуу боюнча каттоо журналы жок экени жана кассалык көзөмөл аппараты коюлбаганы да аныкталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жеке медициналык борборлордун ишмердиги, санитардык абал боюнча атайын рейддерди өткөрүүдө. Бүгүн, 19-апрелде гинекологиялык ж.б. бир катар медициналык борборлорду текшерип жатат. Буга чейин жеке менчик 70тей стоматологиялык борбор текшерилип, алардын 19унун лицензиясы жок болуп чыккан.

Exit mobile version