Марал Радиосу

«Кыргыз автобекети» ишканасынын карызы 9 млн сомго жетти

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү күнгө карата карызы 9 млн сомго жетти. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси Темирбек Анаркулов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана 2017-жылы түзүлгөн, андан бери бардык автобекетти оңдоп-түзөө иштерине 135 млн сом сарпталган.

«Ишкана түзүлгөндөн бери 2017-жылы жалпы киреше 78 млн сом болсо, 2019-жылга чейин 95 млн сомго көбөйгөн. Ал эми пандемияга байланыштуу 42 млн сомго, башкача айтканда, 50%га төмөндөгөн. 2021-жылы кирешеси 70 млн болуп, башкача айтканда, 130%га көйбөйдү», -деди ал.

Ошондой эле ал ишкананын каржылык көйгөйлөрү, Салык жана Соцфондго карызы бар экенин белгиледи.

«Жалпы 9 млн сомдой карызыбыз бар. Азыр кирешенин 50%ы Мамлекеттик мүлк фондуна которулат. Ал эми ижарага алынган имаратка 30%ы кетет. Ошондуктан мүмкүн болсо, бизди 2-3 жылга бошотуу боюнча жардам берсеңиздер, карыздарыбыздан кутулуп алат элек», — деди Анаркулов.

Exit mobile version