Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ишканасы толук бойдон мамлекеттин карамагында калат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
«Кыргыз почтасынын» бардык акциясы мамлекеттин менчигинде болуп, ачык акционердик коом катары кайра уюштурулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ачык акционердик коом кылып түзүүдөгү максат почта байланышын, терминалдар аркылуу пенсия, жөлөк пул берүү сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, спектрин кеңейтүү, ошондой эле инвесторлорду тартуусуна мүмкүнчүлүк берүү болуп саналары айтылат маалыматта.
Мамлекеттик ишкананын укук улантуучусу катары иш жүргүзө турган «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомун өзгөртүп түзүү милдети Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү фондуна тапшырылды. Кайра түзүлгөн «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди.