Марал Радиосу

Бүгүн күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат

Бүгүн, 19-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Аны Дүйнөлүк күрөш уюму жана Азия күрөш федерациясы түз алып көрсөтөрү буга чейин айтылган.

Бүгүнкү беттеште грек-рим күрөшүнөн 55, 63, 77, 87, 130 кг салмактагылар килемге чыгат. Кыргызстандан Балбай Дордоков (55 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг), Акжол Махмудов (77 кг), Мелис Айтбеков (87 кг), Роман Ким (130 кг) алгачкы беттештерин өткөрөт.

Айта кетсек, башка оюндардан айырмаланып, бул жолу тандоо турунан тарта финалдык беттештерге чейин бир күндө өтөт.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги Монголиянын Улан-Батор шаарында болуп жатат.