Марал Радиосу

Бишкектеги таштанды жайында төрт өспүрүм иштээри аныкталды

Биринчи Май районунун социалдык кызматкерлери менен ички иштер кызматкерлери Бишкек шаарынын таштанды жайында иштеген балдарга рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө төрт өспүрүм да ушул жайда иштээри аныкталды.

Эскерте кетсек, балдарды оор, кооптуу жумуштарга иштетүүгө тыюу салынат.

Exit mobile version