Марал Радиосу

Бүгүн коронавирустун жаңы учуру катталган жок

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ал эми акыркы суткада илдеттен 7 бейтап айыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 27 бейтап, үй шартында 40 адам дарыланууда.

40 бейтаптын ичинен 18нин абалы орто оор, алтоонун абалы оор жана үчөө өтө оор абалда деп бааланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 980 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 331 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.